Новости компании

"Азбука» дүкөндөрүндө эко-баштыктар"

"Азбука" дүкөндөрүндө эко-баштыктар"

«Азбука» дүкөндөрү Кыргызстандын аялдары жасаган уникалдуу эко-баштыктарды сатыкка чыгарды.

Азбука дүкөндөрүнөн “She Starts” аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду" коомдук уюму менен биргеликте түзүлгөн эко- баштыктарды сатып алууга болот. Баштыктар «Азбука» дүкөндөрдө сатыкка чыккан.
Эко-баштыктар көп жолу колдонулуучу баштыктар. Алар табиятта көп жылдар бою чириген салттуу пластик баштыктарга караганда ыңгайлуу жана бышык гана эмес, экологиялык жактан да таза. Ошентип, компания аялдардын ишкердигин гана колдоп тим болбостон, экологиялык зыяндан улам Кыргызстанда 2027-жылдан тарта тыюу салынган желим баштыктардан баш тартууга өтүүнү баштайт.


Баштыктырдагы оймо-чийме кыргыз оймолорунан турган композицияны түзөт. Композиция биздин планетаны коргоону, жана аялдарды колдоону символдоштурат. Табияттан шыктанган оюм-чийим айлана-чөйрөнү сыйлоонун маанилүүлүгүн эске салат. «Өсүмдүк» жана «Карга тырмак» оймо-чиймелери бизди келечек муундар үчүн жаратылыш байлыктарын сактоого кошулууга жана "Умай эне" оймосу айымдарды колдоого чакырат.

Кыргызстандын жаратылышын сактоого өз салымыңызды кошуңуз – Азбука дүкөнүнөн салттуу стилдеги эко-баштыкты сатып алыңыз.



Эко- баштыктарды төмөнкү дүкөндөрдөн таба аласыздар:

Бишкек ш., ул.Жибек-Жолу проспект, 435 / Эркиндик

Бишкек ш., Токтогула 190 / Манас проспект 28

Бишкек ш. ул. Рысмендиева 55

Бишкек ш. ул. Тыналиева 2/21

Бишкек ш., ул. Аалы Токомбаева 24 ж-к Английский квартал

Кант ш., Ысык-Атинский район, Чуйская область, ул.Ленина, 53/2

Иссык-Кульская обл., Джети-Огузский р-н, с. Кызыл-Суу

Иссык-Кульская обл., г.Каракол, Жаны-Арык

.Бишкек ш., пр. Ч.Айтматова, 95/3
Новости